SerepTV Logo

Орхан Инандынын жоголушу боюнча Интерполдон жооп келдиби? ИИМдин жообу

Орхан Инандынын жоголушу боюнча Интерполдон жооп келдиби? ИИМдин жообу
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында "Сапат" лицейинин президенти Орхан Инандыны издөө боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат. Депутат Бурун Аманова орун басардан Интерполго кайрылдык деген маалыматтын чын-бышыгын тактады. "Ошол чынбы? Кайрылсаңар кандай жооп келди?" - деди ал. "Интерполго анын жоголгондугу боюнча кайрылганбыз. Интерполдун бардык мамлекеттерине биздин багыттамалар жөнөтүлүп, жооптор келип жатат. Мисалы, Түркия, Грузия, Казакстан, Чехия, Испания, Румыния, Ооганстандан жооптор келди. 1-июндан баштап, бул мамлекеттердин чек арасынан өткөн эмес", - деди ал. Депутат: Биздин чек арадан да өткөн эмес ээ? ИИМдин өкүлү: Өткөн эмес. Депутат: Алып чыгып кеткен, анан артынан учак келген деген маалыматтар чыгып жатпады беле? ИИМдин өкүлү: Андай маалыматтар тактала элек, жумуштар уланып жатат.  1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.
edita