SerepTV Logo

Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатышына байланыштуу кылмыш иши козголду

Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатышына байланыштуу кылмыш иши козголду
"Сапат" лицейинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 1-июнда саат 04:20да Октябрь РИИБдин "102" кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа тургандыгы аныкталган. Унаанын эшиктери ачык калган. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин ыкчам кызматы барган. "Милицияга жардам сурап, уулу кайрылып, ал атасын таап берүүнү суранган. Кайрылган жаран атасынын аталган унаа менен үйдөн 31-майда саат 18:00дө чыкканын билдирген", - деп айтылат маалыматта. Аталган факты катоого алынып, Жазык-кодексинин 170-беренесине ылайык (адам уурдоо) кылмыш иши козголду. "Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө иштери Ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.
edita