Орхан Инандынын жоголушу. Кыргызстан 2019-жылы аны экстрадициялоодон баш тарткан
Түркия акыркы жолу эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны экстрадициялоону 2019-жылы талап кылган. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Орхан Инандынын Кыргыз жараны болгондуктан аны Түркияга экстрадициялоодон баш тартышкан. «Орхан Инанды жарандыгын 2012-жылы декабрда, башкача айтканда, 2016-жылдан бир топ мурун, Түркияда мамлекеттик төңкөрүш боло элек учурда алган. Түркияда Орхан Инанды террорчуларды даярдаган жана башка оор кылмыштар үчүн айыпталууда. 2019-жылы аны өткөрүп берүү өтүнүчү келип түшкөн, биз андан баш тартканбыз. Андан кийин эки тараптуу мамилелер салкындап кеткен», - деди Айбек Артыкбаев.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек. Ал эми 6-июнда Орхан Инандынын жубайы «Мага жеткен маалыматтар боюнча ал Кыргызстандагы Түркиянын элчилигинде кармалып турат экен» деген эле.