SerepTV Logo

"Ооруканада көз жумду". Өзгөндө кой кайтарып жүргөн 8 жашар баланы сел агызып кеткен

"Ооруканада көз жумду". Өзгөндө кой кайтарып жүргөн 8 жашар баланы сел агызып кеткен
Ош облусунун Өзгөн районунда кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, кечээ, 11-майда саат 13:20 чамасында Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында жаандын кесепетинен тоодо сел жүргөн. Бала ошол учурда мал кайтарып жүргөн. Баланы туугандары таап, ооруканага алып барган учурда каза болуп калганы айтылат.
edita