Ооруканадан качып кеткен шектүү Аламүдүн-1де кармалды
Октябрь РИИБдин кызматкерлери буга чейин ооруканадан качкан шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Кечээ, 26-апрелде болжол менен саат 20:00дө Улуттук хирургиялык борбордон кылмышка шектелип жаткан 1997-жылы туулган жаран качып кеткен. Ал алдамчылыкка шектелип жаткан. Милиция аны жашырынып жүргөн жеринен Аламүдүн-1 кичи районунда кармады.