SerepTV Logo

Оор кылмышка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда өз өмүрүнө кол салды

Оор кылмышка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда өз өмүрүнө кол салды
Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында оор кылмышка шектелип кармалган жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Убактылуу кармоочу жайдын нөөмөттөгү кызматкеринин сактыгынан улам өз өмүрүн кыюу фактысын алдын алууга мүмкүн болгон. 21-апрелден 22-апрелге караган түнү болжол менен саат 00:40 чамаларында убактылуу кармоочу жайда кармалган 46 жаштагы жаран шейшеп менен эшиктин темирине өзүн-өзү асууга аракет кылган. Нөөмөттө турган кызматкер окуяны байкап калып, өз өмүрүн кыюуну алдын алууга үлгүргөн. Убагында алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал аман калган. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан окуянын себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
edita