Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шектүү кармалды
Сокулук районунун тургуну кошунасынын 10 жаштагы кызын үйүнө азгырып кирип, зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришкен. Маалымат боюнча, 26-июнда тургундар секелек кызды зордуктамакчы болгон жаранды кармап алышканын айтып, кийин ал жерге келген милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кармалган.
10 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган кишинин үйүн тинтүү учурунда үйүнөн эки мергенчилик мылтык табылган. Кылмышка шектүү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иши башталды. Бүгүн, 28-июнда анын бөгөт чарасы каралат.