SerepTV Logo

Өлтүрүлүп, Чоң Чүй каналына ыргытылган жаран. Үчүнчү шектүү кармалды

Өлтүрүлүп, Чоң Чүй каналына ыргытылган жаран. Үчүнчү шектүү кармалды

Панфилов районунда адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

26-апрелде Панфилов районунун Жайылма айылынын түндүк тарабындагы Чоң Чүй каналында эркек кишинин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо барып, өлгөн кишинин денесинде зомбулуктун издери бар экендиги аныктап, соттук-медициналык экспертиза тарабынан да тастыкталган. Аталган окуя Панфилов райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында өлгөн адамдын аты-жөнү аныкталып, анын 1968-жылы туулган жаран экендиги такталган. Кылмышка шектүү адамдар аныкталып, 1978 жана 1962-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Ал эми үчүнчү 1970-жылы туулган шектүү издөөгө алынган болчу. Ал кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.