SerepTV Logo

Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды. Сүрөт

Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды. Сүрөт
“Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Манас” Эл аралык аэропортунда “К.Э.И.Т.” ЖЧКнын дарегине үчүнчү өлкөдөн келген декларацияланбаган ар кандай дары-дармектердин түрлөрү табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, декларацияланбаган дары-дармектердин жалпы салмагы 20,2 килограммды түзгөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.
edita