SerepTV Logo

Өлкөдөн 59 миллиард сом чыгарып кетүүгө шектелип 2 Кыргыз жараны кармалды

Өлкөдөн 59 миллиард сом чыгарып кетүүгө шектелип 2 Кыргыз жараны кармалды
Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. БУл тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысына карата мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 59,5 миллиард сом суммасындагы акча каражатын Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүү боюнча эки жаран кармалды. Маалыматка караганда, шектүүлөр Кытайга чет өлкөлүк компаниялардын эсептерине мыйзамсыз которуу максатында, банк мекемелерине акча каржаттарын чогултултуп бергендиги аныкталган. Азыркы учурда аталган коррупциялык схеманын уютуруучуларын жана башка бир адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары, бул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмышка шериктеш Кыргыз Республикасынын жараны 1973-жылы туулган Жолдошбаев Бахтияр Сатышевичке издөө иштери улантылууда.
edita