SerepTV Logo

Өлкөдө сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталды

Өлкөдө сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстанда бир суткада 21 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 3, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталган. Чүй облусунун Токмок шаарындагы 3-кичирайонунда кароосуз калган дүкөндүн 10 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында жыгач устундуу шифер жабылган 25 чарчы метр бастырманын чатыры, жыгач устундуу тунике жабылган турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры жана 3 куб метр отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Беке-Чал тилкесинде “ДАФ” оор жүк ташуучу унаасынын чиркегичи тоолугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында турак үйдүн бөлмөсүнүн 4 чарчы метр жыгач шыбы жана электр плиткасы күйгөн. Өрт тиричилик электр шаймандарын туура эмес колдонгондон келип чыккан. Баткен облусунун Исфана шаарында турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Unknown Author