SerepTV Logo

Өлкө аймагында бир жума ичинде 275 мас абалындагы айдоочу аныкталды

Өлкө аймагында бир жума ичинде 275 мас абалындагы айдоочу аныкталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 20-майдан 26-майга чейин, алдын ала маалымат боюнча 21 128 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 338;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 275;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 79;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 737;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 408;
- Авто ээнбаштык - 26;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 316;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 943. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1560 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.