SerepTV Logo

Окуучуну урган мугалимдин видеосу боюнча текшерүү иштери башталды

Окуучуну урган мугалимдин видеосу боюнча текшерүү иштери башталды
Буга чейин социалдык тармактарда окуучуну сабак учурунда уруп жаткан мугалимдин видеосу тараган. Маалыматтарга караганда, видео тарых сабагы учурунда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде тартылган. Ош ОИИБден маалымат беришип, бул факты Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдиришти. “Текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуя боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынат”,- деп айтылат маалыматта.
edita