Окуучуларды кур менен сабаган мугалим жумуштан бошотулду
Буга чейин мугалим окуучуларды кур менен уруп жатканда тартылган видео социалдык тармактарга тарап кеткен. Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташып, окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.
30-апрель күнү Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. 29-апрелде саат 16:00 чамасында Араван районунун С.Юсупов айыл аймагындагы Алишер Навои атындагы орто мектебинин 8-классынын жетекчиси, С.Юсупов айыл аймагынын 44 жаштагы тургуну окуучуларын кур менен уруп жаткан аракети окуучулар тарабынан видеотасмага тартылып, социалдык тармактарга тараган. Бул факты боюнча 1-май күнү Араван РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 65-беренесинде көрсөтүлгөн жоруктун белгилери боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Мугалим сурак учурунда окуя тууралуу буларды айтып берген: «Акыркы кезде мектеп окуучуларынын жүрүм-туруму, мүнөзү өзгөрүп, мугалимдерге баш ийбей жүргөндүктөн жана ата-энелер чогулушун өткөрүп, балдардын жүрүм-туруму боюнча айтылган сөзгө маани беришпегендиктен, 29-апрель күнү саат 16:00 чамасында ачуум менен тартипти бузган окуучу балдарды класстын ичинде бир нече жолу кур менен уруп жибергем».
Алишер Навои атындагы орто мектебинин мугалимдери райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин катышуусу менен класс жетекчинин бул аракети боюнча чогулуш өткөрүшүп, талкууга алышкан. Мугалим 30-апрель күнү буйруктун негизинде жумуш ордунан бошотулган. Бул жагдай боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
https://static.bulbul.kg/mp4/5/77655.78bb9d8cdb1c775dd439a601d3ce7645.720.mp4