SerepTV Logo

Окуучу сууга чөгүп каза болгон окуя: "Директор аквапаркка барууга буйрук берип, мугалим аткарган" дешет ата-энелер

Окуучу сууга чөгүп каза болгон окуя: "Директор аквапаркка барууга буйрук берип, мугалим аткарган" дешет ата-энелер
"Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучу окуган класстын ата-энелери SuperTV каналына берген маек учурунда аквапаркка барууга эки апта мурун үгүттөө башталганын айтышты. - Биздин мектеп ушундай "потокко" коюлган. Директор буйрук берет, мугалимдер аткарат. 6-июнь окуу күнү болчу. Жыйынтыгында минтип баладан айрылып калдык. Бул биринчи орунда мектеп директорунун жана "Ала-тоо" аквапаркынын жоопкерчилиги. Окуя болгондо биринчи биз келдик. Куткаруучулар 2өө гана болчу. Эмесе, бизди ар бир бассейнде кеминде 2-3 куткаруучу болот деп ишендиришкен. Балдар кумурскадай көп болчу. Ошончо баланы 2 куткаруучунун карашы реалдуу эмес. - Эки жумадан бери балдарды ал жакка алып барууга үгүттөп башташты. Балдардын коопсуздугу толук сакталат, коркунуч жок, камералар онлайн көзөмөл жүргүзүп турат деп ишендиришти. "Кышында алып барганда жакшы болгон, ата-энелер, эч коркпогула" деген жетекчиликтен билдирүү жазып жатышкан. - Мен бассейнге балдар менен баргам. 2 класстын балдарын бусикке тыгып алып келишти. Балдар аябай көп болушчу. Мен да кызымды таппай калып жаттым. Акылай Шаршенбаевна (класс жетекчиси), мен жана бир эне болчубуз. Үчөөбүз үч жактан карап жаттык. Бир лампа бассейнге калкып түшүп калыптыр. Бир эле бала, куткаруучу турган. Ал лампаны алып чыгарды. Мен башка бассейнге барып, балдарды карап кайра келсем, Атайды бассейнден чыгарып жасалма дем алдырып жатышыптыр. Медайым бир канча убакыттан кийин келди. Мен администрациядан эч кимди көргөн жокмун. Эки куткаруучу менен 1 медайым эле болду, - дейт баланын классташынын энеси. https://www.youtube.com/watch?v=VrDvsuO4mzY