SerepTV Logo

Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев камакта калтырылды

Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев камакта калтырылды
Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 21-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Буга чейин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Рамазан кызы Айсулуу 21-октябрда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Аларга Жазык кодексинин 143-беренеси (кыйноолор), 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.