Октябрь РИИБ: "Ооруканадан качып кеткен айыпкер кармала элек"
Бишкектеги ооруканадан качып кеткен айыпкер дагы деле табыла элек. Бул туурасында Сереп Медиа маалымат агенттигине Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 30-мартта саат 13:50 чамасында Мамбет Мамакеев атындагы хирургиялык борбордон уурулукка шектелип кармалган жаран качып кеткени маалым болгон. Ал ушул жылдын 27-февраль күнү Ысык-Көл облусунан кармалып, Бишкекке алып келинген. Сот баш коргоо чарасы катары СИЗО-1ге 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. 17-март күнү хирургиялык борборго жаткырылган. Себеби аны кармап жатышканда мык жутуп алганы белгилүү болгон. Шектүүнү Октябрь РИИБинин кызматкерлери кайтарып жатышкан. Бишкекке "перехват" планы жарыяланып, учурда издөө иштери жүрүп жатат.