SerepTV Logo

ӨКМдин аскер бөлүгүндө аскерди сабаган делген прапорщик 2 айга камакка алынды

ӨКМдин аскер бөлүгүндө аскерди сабаган делген прапорщик 2 айга камакка алынды
ӨКМдин аскер бөлүгүндө аскерди сабаган делген прапорщик 2 айга камакка алынды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты. "Биринчи Май райондук сотунун 8-июндагы токтомуна ылайык, Төрөбай Жаныбек уулуна карата бөгөт коюу чарасынын камакка алуу түрү 7-августуна чейин Бишкек гарнизонун гауптвахтасында кармоо менен тандалды", - дешти соттон. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө аскерге чакырылган жоокер сабалганы маалым болгон. Туугандарынын айтымында, Бекзат туугандарынан бирдик салууну дайыма суранып, 8 ай ичинде алар 35 миң сом беришкен, прапорщик бул акчаны мобилдик тиркемелер аркылуу накталай кылып алып турган. Ошол түнү да акча талап кылган, бирок түн болгондуктан бала туугандарына чала албай, ур-токмокко чыдап жата берген. 1-июнь күнү пневмония менен ооруп калганын, фельдшердик бөлүмгө которулганын айтышкан. Окуя боюнча ӨКМден үн катышып, ички иликтөө жүргүзүлүп, иш Аскер прокуратурасына өткөнүн билдиришкен. Бул окуя боюнча биздин редакцияга анын үй-бүлөсү да кайрылды. Биздин чыгармачыл топ учурда жоокер дарыланып жаткан ооруканага барып жоокерден кабар алып келген. https://youtu.be/OXKXH9TcqL8