SerepTV Logo

Чаткалда кар көчкү түштү

Чаткалда кар көчкү түштү
Кечээ, 7-февраль күнү саат 22:00 чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 89-90-чакырым аралыгында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 6 миң куб метрди түзүп, анын 2 миң куб метри унаа жолду тосуп калган. «Кар көчкүнүн кесепетинен Хюндай-Портер унаасынын алдынкы жагын кар баскан. Жабыркаган адамдар жок. Унаа эч нерсе болгон эмес. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу жана 1 бульдозер тартылган. 8-февраль күнү тартылган техниканын жардамында саат 04:05те унаа жол толугу менен тазаланып ачылган», - деп билдирди министрликтин маалымат кызматынын өкүлү. Аны менен катар ошол эле күнү саат 16:20 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-101-чакырым аралыктарында Чапчыма ашуусунда 300 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Саат 18:00дөн саат 09:00гө унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Жабыркагандар катталган эмес. Тазалоо иштери 8-февраль күнү да улантылат.
Unknown Author