ӨКМ: "Ысык-Көлдө тилсиз жоодон 74 миллион сомдон ашык материалдык баалуулуктар сакталды"
Ысык-Көлдө 2021-жылы 3 ай ичинде 80 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2021-жылдын 3 айында Ысык-Көл облусунун аймагында 80 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 10 миллион 93 миң 907 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 1 адам каза болуп, 6 адам жаракат алган. Эң көп өрт турак жай секторунда катталган – өрттүн жалпы санынан 21 өрт турак-жайда чыккан.
Өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын күчү менен өрттү өчүрүүдө 74 миллион 55 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. Өрттүн негизги себептери - электр жабдууларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу, отко этият мамиле кылбоо, жылытуучу мештерди жана морлорду иштетүү эрежелерин бузуу саналат", - делет маалыматта.