Кара-Кулжа дарыясына 15 жаштагы кыз чөгүп кетти
Кара-Кулжа дарыясына 15 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 7-июнь күнү Кара-Кулжа районунун 2006-жылы туулган тургуну сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар суудан кыздын жансыз денесин алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.