ӨКМ: "Кайнар" кафесинен чыккан өрт өчүрүлдү" (видео)
Бишкектеги "Кайнар" кафесинен чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан "Кайнар" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 08:40та 1 бөлүм тартылып, жалын саат 09:00дө чектөөгө алынып, 09:21де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен кафенин ашканасында нан азыктары күйүп, түтөгөн.