ӨКМ: "Бишкекте дүкөндөн чыккан өрттөн 4 адам түтүнгө ууланды"
Бишкектеги Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу дүкөндөн чыккан өрт саат 10:06да толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам түтүнгө ууланып, Тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык кызмат көрсөтүлдү. Учурда жарандардын абалы туруктуу. Ошондой эле болжол менен 300 чарчы метр аянт күйүп кетти",- деп айтылат маалыматта.