SerepTV Logo

Новопокровкада жол кырсыгы катталып, 5 адам ооруканага жеткирилди

Новопокровкада жол кырсыгы катталып, 5 адам ооруканага жеткирилди
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары "Новопокровка айылында жол кырсыгы катталды" деген видеону бөлүшүүдө. Кырсык боюнча ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришти. Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү унаа Бишкек-Кант багытында күн чыгышты көздөй бара жатканда батыш багытка бара жаткан Тойота Марк Х үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, сүзгөн. Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгынан жалпы 5 жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алдын ала аныктоо учурунда, Тойота Марк Х үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү чет өлкөлүк жарандар экени, ал эми Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү унаанын 21 жаштагы айдоочусу айдоо укугунан ажырап, айдоочулук күбөлүгү жок болгону аныкталган. Жеринде жол тескөөчүлөрү иш алып барууда.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Байказы Айтикул уулу (@baikazy_official)

edita