SerepTV Logo

Новопокровка айылында унаанын ичинен баңгизат табылды

Новопокровка айылында унаанын ичинен баңгизат табылды
Аламүдүн районунун Новопокровка айылында унаанын чинен баңгизат чыкты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымдашты. Маалымат боюнча, кечээ, 2-июнда болжол менен саат 14:30 чамасында №3 мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чүй облусунун Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Новопокровка айылында жайгашкан №3 мекемесине караштуу аймактан ак түстөгү Хонда Фит унаасы токтотулуп, текшерилген. Унаанын ичинен болжол менен 180 грамм салмактагы баңгизаты табылган. Кармалгандар Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун 1973-жылы туулган тургундары болгон. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жарандар, топтолгон материалдар жана буюм далилдер Ысык-Ата райондук милициясына өткөрүп берилди.
Unknown Author