Новопавловкадагы курулуш дүкөнү толугу менен күйүп кетти (сүрөт)
Кечээ, 13-майда Сокулук районунун Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан курулуш-чарба дүкөнүндө өрт чыккан. Тилсиз жоо 20:43тө чектөөгө алынып, саат 21:56да толук өчүрүлдү.
"Өрттү өчүрүүгө саат 19:54тө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнөн 2 бөлүм жана саат 20:14тө штаб тартылган", - деп айтылат маалыматта.
