SerepTV Logo

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Алайдын Терек айылында сел жүрдү

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Алайдын Терек айылында сел жүрдү
Алай районунда кечээ, 21-июнда саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Белекбаев айыл аймагына караштуу Терек айылында сел суулары жүргөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Терек айылында 1 үйдүн ичине, 4 үйдүн короо-сарайларына сел суулары кирип, кум-шагылга толтурган. Ал эми Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолдун 7 чакырым аралыгында сел калдыктары жолду жаап каттам үзүлгөн. Мындан сырткары 1 электр мамысын сел агызып кеткен, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Жолдун бир тараптуу ачылганы маалым болду. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="186913,186914"]