SerepTV Logo

Ноокенде үйү менен кошо эркек киши күйүп кеткен

Ноокенде үйү менен кошо эркек киши күйүп кеткен
Ноокенде үйдөн өрт чыгып, эркек киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык Коминтерн айылындагы Койлубаев көчөсүндө катталган. Жыгач устундуу шифер менен жабылган үй толугу менен күйгөн. 1973-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган жана Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.