SerepTV Logo

Ноокенде 19 жана 16 жаштагы өспүрүмдөр киши өлтүрүүгө шектелип жатышат

Ноокенде 19 жана 16 жаштагы өспүрүмдөр киши өлтүрүүгө шектелип жатышат
Милиция Ноокендеги киши өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнүн дарыгери "102" номерине чалган. Ал Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаада Ноокен районунун 1973-жылы туулган тургунун жансыз денеси жаткандыгын билдирген. Бул факты ошол эле күнү Ноокен РИИБге Жазык кодексинин 130-беренесинде (киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун 2002 жана 2005-жылы туулган тургундары кармалышты. Шектүүлөр тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя кандай болгонун жеринде көрсөтүп беришкен. Окуяга шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, бирөөсү 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экинчиси жашы жете өспүрүм болгондуктан Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары уланууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="75757,75758"]