SerepTV Logo

Ноокаттагы медреседе өспүрүмдөр уруша кетип, 14 жашар бала каза болду

Ноокаттагы медреседе өспүрүмдөр уруша кетип, 14 жашар бала каза болду
Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынында жайгашкан медреседе Гулистан айылынын тургуну 2008-жылы туулган М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам, Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну жашы жете элек 2010-жылы туулган Ш.Ф.ны учтуу нерсе менен сайып жиберген. Анын кесепетинен Ш.Ф. алган жаратынан улам, аймактык ооруканасына медициналык жардамга жетпей каза болгон. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.