Ноокаттагы бала бакчанын 2-кабатынан кулаган наристе. Ата-энесинин эч кимге доосу жок
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Ноокаттагы балдар бакчасында тарбиялануучу 2-кабаттан кулап кеткендигин жазып чыккан. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден комментарий беришти.
Маалыматка караганда, окуя боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат. "Кечээ, 13-июнь күнү саат 12:30 чамасында Ноокат шаарында жайгашкан “Саламат” балдар бакчасынын терезесинен бала түшүп кеткендигин Ноокат РИИБдин кызматкери кабарлаган. Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган", - дешти милициядан.
Окуя болгон жерге Ноокат РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, алдын ала текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган. 13-июнь күнү Ноокат шаарындагы “Саламат” балдар бакчасына Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын 25 жаштагы тургуну саат 11:10 чамасында өзүнүн 4 жашар баласын биринчи жолу балдар бакчасына алып барып, балдар бакчасынын директоруна тапшырып кеткен. Бала саат 11:40 чамасында балдар бакчасынын экинчи кабатынын терезесине чыгып, көчө тарапка асылып калган, анын асылып тургандыгын көрүп калган Ноокат районунун 67 жаштагы тургуну кармап калган. Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышып, окуя боюнча “Саламат” балдар бакчасынын кызматкерлерине арыз-доосу жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан баш тартышты.
Алдын ала алынган маалымат боюнча “Саламат” балдар бакчасы 2020-жылдан тартып иштеп келет. Бүгүнкү күндө балдар бакчасынын жетекчиси Ноокат районунун Калдай айылынын тургуну 49 жаштагы тургуну. Аталган иштин алкагында “Саламат” балдар бакчасы боюнча тийиштүү мекеме ишканаларга каттар берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.