SerepTV Logo

Ноокатта көчөдө ойноп жүргөн баланы 42 жаштагы киши пневматикалык тапанчадан атып алган

Ноокатта көчөдө ойноп жүргөн баланы 42 жаштагы киши пневматикалык тапанчадан атып алган
Ноокатта 10 жаштагы баланы 42 жаштагы жаран тир куралы менен аткан. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. 2-май күнү милицияга ооруканадан кабар келип түшкөн. Анда Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын тургуну 10 жаштагы бала үйүндө жыгылып түшүп, жараат алып кайрылгандыгын кабарлаган. Аталган факты маалыматтык электрондук журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча Ноокат РИИБге жиберилген. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, 1-май күнү саат 19:30 чамасында жабырлануучу көчөдө ойноп жүргөндө коңшусу Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну пневматикалык ок атуучу тир куралы менен кокустан атып алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып баргандыгы аныкталган. 8-май күнү жабырлануучунун 46 жаштагы таенеси аталган окуя боюнча Ноокат РИИБге арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча териштирүү иштери уланып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.