Сөөгү багажниктен табылган 21 жаштагы жигиттин өлүмүнө акча себеп болгонбу? Окуянын жаңы жагдайлары
Ноокат районунун Көк-Жар айылында киши колдуу болгон баланын өлүмүнүн чоо-жайын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жергиликтүү тургундар айтып беришти. Маалыматка караганда, буга чейин жигиттер ортосунда пикир келишпестиктер болуп келген. "Окуя болгон күнү балдар «Ака-Үка» чайханасында 54 миң сомдон улам уруша кетишкен деп уктук. Каза болгон жигит карыз болуп калган дешүүдө. Мушташ өлүм менен аяктаган. Кылмышкерлер сөөктү 2 күн багажникке жашырып жүрүп, 3-күн дегенде чайхананын астына сөөгү салынган унааны токтотуп коюшкан", - дешет айыл тургундары.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тергөөдө аягы өлүм менен аяктаган окуянын бир себеби катары карыз акча каралып жатканын билдиришти. Ал эми маркумдун жакындары жергиликтүү тургундар айткан жогорудагы маалыматты төгүндөштү.
24-майда жигиттин өлүмүнө шектелип 20 жаштагы жана 17 жаштагы эки жигит кармалып, сурак учурунда кылмышты мойнуна алышкан. Кылмышкерлер 2 айга СИЗОго киргизилген. “Бир үйдүн жалгыз уулу болгон маркумдун ата-энеси миграцияда болгондуктан чоң ата, чоң энеси менен чогуу жашачу. Учурда баланын туугандары соттун калыс чечим чыгарып берүүсүн талап кылып жатышат. Ал эми кылмышкерлер Көк-Жар айылына көчүп келген өзбек улутундагы жарандар болгон. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн туугандары убактылуу айылдан көчүрүлдү”, – деп билдирди Көк-Жар айылынын жашоочусу.