Ноокатта бала балдар бакчасынын 2-кабатынан кулап кеткен (видео)
Ноокатта бала балдар бакчасынын 2-кабатынан кулап кеткен. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Айжаркын Сүйүнбай кызы жазып, видео менен бөлүштү.
Маалыматка караганда, баланы өтүп бараткандар кармап калышкан. "Ноокат шаарындагы "Саламат" балдар бакчасы экинчи кабатта жайгашкан. Бүгүн терезесинен бала түшүп кетиптир, аны кармап калбаганда эмне болмок? Бул окуяга ким жооп берет?" - деп суроо салды ал.
Окуя боюнча Ош облустук милициясынан комментарий берише элек.