Ноокат районунда эки унаанын кагылышуусунан 3 адам мерт кетти (сүрөт)
Ош облусуна караштуу Ноокат районунда эки унаанын кагылышуусунан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымат боюнча, кырсык бүгүн, 13-июнда Ош-Баткен-Исфана жолунда болгон. Анда Honda Fit жана Daewoo Matiz унаалары кагылышкан. Жыйынтыгында 3 адам окуя болгон жерде мерт кетип, 2 адам оор жаракат алган. “Куткаруучулар каза болгондордун сөөктөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берип, жабыркагандар ооруканага жеткирилди”, - деп жазылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="54883,54884"]