SerepTV Logo

"Назарньюс" сайтынын башкы редактору үй камагына чыкты

"Назарньюс" сайтынын башкы редактору үй камагына чыкты
"Назарньюс" маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 15-январга чейин үй камагында болот. Ал буга чейин 1-декабрга чейин камакка алынган. Журналисттин Кылмыш жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталып жатканы маалымдалган.