Нарындагы жол кырсыктан 7 адам жаракат алды (сүрөт)
Нарындагы жол кырсыктан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ, 19-сентябрь күнү саат 14:45 чамасында Кочкор-Чаек унаа жолунун 55-чакырымда катталган. Анда KIA-K5 унаасы менен Subaru-Legasy үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши 5 аял киши ар кандай жаракаттарды алды. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаалардан чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="73586,73587,73588,73589"]