Нарындагы жол кырсыкта 4 адам жаракат алды (сүрөт)
Нарындагы жол кырсыкта 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 2-декабрда саат 21:08 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында катталган. Анда КамАЗ оор жүк ташуучу унаасы жана Toyota Nadiа унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркаган: 1985-жылы туулган эркек киши, 1990, 1951-жылы туулган аял кишилер жеңил жаракат алышкан, ал эми 1993-жылы туулган аял киши оор жаракат алган. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="87335,87336,87337"]