SerepTV Logo

Нарында сот өкүмүнө нааразы жаран оозун тигип алган. Ал ачкачылыгын токтотту

Нарында сот өкүмүнө нааразы жаран оозун тигип алган. Ал ачкачылыгын токтотту
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Нарын шаарындагы №24 мекемесинде оозун зым менен тигип, ачкачылык жарыялаган Ү. М. Ж.  аттуу жаран нааразылыгын токтотту. Бул маалыматты Акыйкатчы институтунун Нарын облусундагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев билдирди. “Биз ага өкүм чыккан күндөн тартып он күн аралыгында облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылса болорун түшүндүрдүк. Ошондон кийин ал ачкачылыгын токтотту”, - деди Жаанбаев. Акыйкатчы институтуна Кочкор райондук соту тарабынан Жазык кодексинин “Ээнбаштык”, "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу”, “Куралды мыйзамсыз даярдоо” менен айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган Ү.М.Ж. арыз менен кайрылган. Ал Кочкор райондук сотунун өзүн 15 жылга эркинен ажыратып, 50 миң сом айып пул төлөтүү тууралуу чечимине каршы экенин билдирген. 11-мартта ачкачылык жарыялап, оозун зым менен тигип алган. Сот өкүмү былтыр ноябрда чыккан. Ачкачылык жарыялаган адам менен Нарын облустук прокуратурасынын, Кыйноолорго каршы республикалык борборунун жана Акыйкатчынын өкүлү барып жолугуп, сүйлөшкөн.
Unknown Author