SerepTV Logo

Нарында сел жүрүп, суу 4 үйдүн короосуна жана 1 үйдүн ичине кирген (видео)

Нарында сел жүрүп, суу 4 үйдүн короосуна жана 1 үйдүн ичине кирген (видео)

Кечээ, 13-июнда Нарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Жерге-Тал айылындагы каналга батпай ашып, 4 турак үйдүн короосун жана 1 үйдүн ичине чейин суу кирген. Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 2 экскаватор, 5 куткаруучу тартылган. Алар короолорду тазалап, суу каптоо кесепетин жоюшту. Жабыркагандар кыйроолор болгон жок.

edita