SerepTV Logo

Нарында ок атышуудан бир киши каза болду. Маркумдун аты-жөнү такталууда

Нарында ок атышуудан бир киши каза болду. Маркумдун аты-жөнү такталууда
Нарын шаарында ок атышуудан бир киши каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Бүгүн, 6-февралда кечинде милиция бөлүмүнө шаардын Москва районунан бир адамды атып кетишти деген маалымат келип түшкөн.
"Бул билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынды. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда. Ал эми аны өлтүрүүгө шектелген жарандарды аныктоо, окуянын чоо-жайын териштирүү боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден. Алдын ала маалымат боюнча, киши колдуу болгон адам криминалдык чөйрөнүн өкүлү экени айтылууда.
admin@supertv.kg