SerepTV Logo

Нарында жол кырсыгынан бир адам каза болду

Нарында жол кырсыгынан бир адам каза болду
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Нарын облусундагы бөлүгүндө кырсык болуп, бир адам каза болду. Бул окуя бир күн мурда, тактап айтканда 14-июлда болгон. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгу унаа келе жатып жолдон чыгып кетип, Митсубиси унаасын келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Степвагон унаасынын  жүргүнчүсү каза болуп, башкалары жаракат алган.
Unknown Author