SerepTV Logo

Нарында жер титиреди

Нарында жер титиреди
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 05:34тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт, Жумгал айылдарында 3 баллга (Кызарт айылынан 3 чакырым чыгышта, Жумгал айылынан 3 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.