Нарында жер талаштан улам атылган ок. 3 адам камакка алынды
Буга чейин милициядан Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жаракат алганын билдиришкен. Кечээ, 10-июлда 3 адам камакка алынды.
Нарын ОИИБ тараткан маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын бөгөт чарасы каралат.
- Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын тургунунун үйүнө Хутор-Ак-Талаа айылынын 30-40тай ошол эле айылдын тургундары чогулуп келишип, үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен койгулап талкалап, дарбазасынын сыртында токтоп турган Субару-Аутбек үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жатышкан учурда, үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган. Анын кесепетинен аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Жаракат алып ооруканага түшкөн үчөөнүн абалы оор болгондуктан, медициналык жардам көрсөтүү максатында операция жасалган, ал эми калган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.