Нарында жер талаштан ок атылып, 3 кишинин кармалышы. 2 адам камакка алынып, бирөөсү үй камагына чыкты
Буга чейин милициядан Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жаракат алганын билдиришкен. Кечээ, 10-июлда 3 адам камакка алынганы маалым болгон.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын облустук сотунан кармалгандардын бөгөт чарасы каралганын билдиришти.
"Сотко Жазык кодексинин 122-беренеси менен айыпталган 3 айыпталуучунун бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча соттук материал түшкөн. Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы каралып, бир айыпталуучуга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Ал эми дагы 1 айыпталуучу 1 айга камакка алынган. Оор кылмышка катышкандыгы боюнча далилдер тиркелбегендиктен 1 айыпталуучу үй камагына чыккан",- деп айтылат маалыматта.
- Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын тургунунун үйүнө Хутор-Ак-Талаа айылынын 30-40тай ошол эле айылдын тургундары чогулуп келишип, үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен койгулап талкалап, дарбазасынын сыртында токтоп турган Субару-Аутбек үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жатышкан учурда, үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган. Анын кесепетинен аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Жаракат алып ооруканага түшкөн үчөөнүн абалы оор болгондуктан, медициналык жардам көрсөтүү максатында операция жасалган, ал эми калган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.