Нарында жамгырдын кесепетинен 18 үйдүн короосун суу каптады (видео)
Кечээ, 10-июнда Ак-Талаа районунда саат 20:00дөн тартып жааган жамгырдын кесепетинен суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, жамгырдын кесепетинен Кадыраалы айылында жайгашкан 18 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 2 экскаватор, 5 куткаруучу жана 30 жергиликтүү тургун тартылып, арыктарды тазалап, суу каптоо кесепетин жоюшкан.