Нарында эркек кишинин жансыз денеси табылды
Нарында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Таалай көчөсүндөгү үйдүн эшигин ачышкан. Үйдөн 1950-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Жерине тартылган 3 куткаруучу жансыз денени ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.