Нарында эки унаа сүзүшүп, 7 адам жаракат алды (сүрөт)
Кочкор районундагы жол кырсыктан 7 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Сары-Булак - Өрүк-Там унаа жолунун 23-чакырымында Subaru Forester менен Нива үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталып жатат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="69661,69662,69663,69664,69665"]