SerepTV Logo

Нарында аты табылып, өзү дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды

Нарында аты табылып, өзү дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды

Нарында аты табылып, өзү дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын Ак-Моюн айылындагы суу көзөмөлдөөчү каналда адамдын сөөгү жатканын кабарлаган. Саат 18:09да №45 ӨККБнүн куткаруучулары 21 жаштагы жигиттин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Аталган тургун ушул жылдын 7-июлунда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Анын аты Ача тилкесинен табылып, өзү дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.