Нарында айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, 2 адам жаракат алды
Нарын облусунда айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткендиктен, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 4-февралда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Кызыл-Бел ашуусунда болгон.
"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 368-чакырымында Лексус-RX300 унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган жана 1964-жылы туулган эки аял жеңил жаракат алышкан. Жабыркаган жарандар "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген", - деп билдирди ӨКМнын маалымат кызматынын өкүлү.